Коом

Сурак учурундагы Камчыбек Ташиевдин видеосунун тарап кетиши боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарга “75чилердин каты” боюнча сурак берип жаткандардын, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин видеосунун тарап кетиши боюнча Ички иштер министрлиги түшүндүрмө берди.

Маалымат катчы Султан Макилов билдиргендей, ал материалдар ачык булактарга кандай жол менен чыгып кеткенин жана аларды ким таратканын ИИМ азырынча билбейт.

“Тергөө маалында видеоматериалдар тергөөчүнүн чечими менен тартылышы мүмкүн. Ал эми тартылган видеолордун соцтармактарга тарашы боюнча: биз муну атайын уюштурулган акция же саясий максатты көздөгөн аракет катары баалабайбыз. Бул маселеге саясий өңүт берүүнүн кажети жок деп эсептейбиз”, — деди Макилов.

Маалымат катчы башында тергөөнүн кызыкчылыгын жана күбөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында соттук ишти жабык өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды. Бирок кийинчерээк айыпталуучулар өздөрү сотту ачык кароону өтүнүп, сот ал өтүнүчтү канааттандырган.

“Ошондон тартып сот процесси ачык өтүп, иш боюнча маалыматтар коомчулукка жеткиликтүү болгон. Бул айыпталуучулардын өздөрү процесстин максималдуу ачык болушун талап кылгандыктан ишке ашкан”, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда “75чилердин каты” боюнча сурак берип жаткандардын кадрлары, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин сурактагы видеосу жарыяланган.

Тектеш кабарлар

Back to top button