Коом

ЖАК жетекчилеринин арасында ок атуу боюнча мелдеш болду

КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилеринин арасында ок атуу боюнча мелдеш болуп өттү.

ЖАКнын тиринин базасында борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, өз алдынча бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын 20 жетекчисинин арасында сынак өткөрүлдү. Жыйынтыгында сыйлыктар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орунга ички аудит башкармалыгынын башчысы, полковник Улан Шапаков;

2-орун — Кадрлар башкармалыгынын башчысы, полковник Болот Имангазиев;

3-орун — Башкы штабдын башчысынын орун басары, полковник Улан Алымканов.

Жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Мелдеш 2022-жылга карата массалык спорттук иш-чаралардын календарлык планына ылайык өткөрүлдү.

Мындай мелдеш спортко болгон мамиле жана чеберчиликтин деңгээлин жогорулатууга стимулдардын бири болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button