Коом

Улуу Британияда 2027-жылга сезондук жумуштарга онлайн каттоо башталат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору HOPS Labour Solutions Ltd оператору менен кызматташтыктын алкагында 17-август саат 12:00дө онлайн каттоону ачат. Каттоо 20-август саат 23:59да Бишкек убактысы боюнча аяктайт.

Каттоодон өтүү үчүн шилтеме каттоо ачылган күнү борбордун расмий баракчаларында жарыяланат:

Instagram: @info.migrant.kg — Stories бөлүмүндө;

Facebook: info.migrant.kg.

Онлайн каттоодон өтүү үчүн алдын ала төмөнкүлөрдү даярдоо керек:жарактуу чет өлкөлүк паспорт;

Gmail электрондук почта дареги. Ал паспорттогу маалыматтарга ылайык талапкердин аты-жөнүн камтышы керек.

Министрлик онлайн каттоодон өтүү талапкердин жумушка кызыкдар экенин гана билдирерин жана кийинки тандоо этаптарына сөзсүз катышууга кепилдик бербей турганын эскертти. Талапкерлерди алдын ала тандоону HOPS Labour Solutions Ltd компаниясы жүргүзөт.

Талапкерлер 18 жаштан улуу, орус тилин билген, ден соолугунун физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу керек.

Жумуш берүүчү саатына 12,71 фунт стерлинг эмгек акы жана жумасына кеминде 32 сааттык кепилденген жумуш менен камсыз кылууну убада кылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button