Саясат

Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты

Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышып, экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуну көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал журналист Али Токтакуновго берген маегинде айтты.

«Мен дагы бир мөөнөткө талапкерлигимди коюп, ишимди улантууну көздөп жатам. Шайлоого дагы кимдер катышкысы келсе, талапкерлигин койсун. Эч кимди чектебейбиз», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button