Токмокто милиция кызматкерин сабаган деп шектелгендер кармалды

Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Чүй облусунда патрулдук-күзөт кызматынын (ППС) кызматкерине денесинен жаракат келтирилгенден кийин кылмыш иши козголгон.
Иш Чүй ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси — «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» боюнча тергелүүдө.
Тергөө учурунда шектүүлөр аныкталган. Алар жабырлануучу кызматкер менен бир бөлүктө чогуу кызмат өтөгөн үч милиция кызматкери болуп чыккан. Алар 2000, 2002 жана 2003-жылы туулган П. уулу Т., М. И. жана С. А.


Үчөө тең кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.Чүй ОИИБдин жетекчилиги кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузуу фактыларына принципиалдуу мамиле кыларын билдирди.
«Кызматкердин ээлеген кызматына, атайын наамына жана сиңирген эмгегине карабастан, анын күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденсе, тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп билдиришти мекемеден.



