ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Баткен облусундагы иш-чараларды координациялоодо

Баткен облусундагы абалга байланыштуу КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде ӨКМдин иш-чараларын кординациялоодо.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусунун жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өткөрүлүп, жергиликтүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланган.
Эвакуацияланган жарандарга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулду.
Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.
Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.
Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.



