Коом
Нарында жергиликтүү бийлик сафлор өстүрүп, андан май алууну пландап жатат

Быйыл Нарын облусунун аймагында сафлор өсүмдүгүн эгип, андан май алуу пландалууда. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
«Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен жаз айларында 1 000 гектардан ашык аянтка сафлор өсүмдүгүнүн дубандын бардык райондоруна айдалары мерчемделүүдө. Эгер күткөн натыйжа ойдогудай болсо, кийинки жылдары завод курулуп, алынган продукцияны ички жана сырткы рынокко чыгаруу пландалган», — деп айтылган маалыматта.
Жергиликтүү бийликтин сафлор өсүмдүгүнөн май өндүрүү жергиликтүү элдин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо менен бирге экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачарына ишеним артып жаткандыгы айтылды.



