Жапаров менен Ташиев Кыргызстандын заманбап армиясын түзүштү

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя Кыргызстандын азыр Тажикстандын күтүүсүз кол салууларынын мизин кайтарууга жетиштүү күчтөрү бар экенин көрсөттү.
Өткөн жылдын апрель айында Ак-Суу дарыясынын «Головной» суу алгычынын жанында чек ара чатагы чыккан. Анда азыркыдай эле тажик тарап чабуулга алдын ала даярданган. Натыйжада Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган кыргызстандыктардын саны 173 адамга жетип, алардын 34ү каза болгон. Онго жакын айыл, ошондой эле бир нече өткөрмө бекеттери жана чек ара заставалары аткылоого кабылып, ондогон үйлөр жана май куюучу станциялар өрттөлгөн.
Акыркы окуя кырдаалдын өзгөргөнүн көрсөттү. Кыргыз чек арачылары аткылоого даяр болуп, бир карыш жерин да берген жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аз убакыттын ичинде кооптуу аймактан 24 миңден ашык адамды эвакуациялап, убактылуу баш калкалоочу жайларга көчүрүлгөн жарандарды тамак-аш жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылды.
Окуянын кесепеттеринин жыйынтыгы да өзгөрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Баткен облусунда жалпы жабыркагандардын саны 13 адамды түздү. Ал эми материалдык зыян боюнча, эки сарай жана бир унаа күйүп, 10 үй жабыркаган.
Бул жолу ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр да болду. 2021-жылдын апрель айында тараптар бир нече күн сүйлөшүүлөргө макулдаша алышкан эмес. Жетишилген макулдашуулар тажиктер тарабынан бузулуп турган: кошуналарыбыз анда өздөрүн абалдын кожоюну катары сезип, муну түшүнүшүбүз керектигин кыйыр түрдө көрсөткөн.
Бул жолу конфликтти деэскалациялоо боюнча келишимге бир суткага жетпеген убакытта жетишилди. Тараптар окуянын себептерин иликтөө үчүн биргелешкен комиссия түзүү, чыр-чатактын чыгышы менен үйлөрүн таштап кеткен жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылуу, аскердик түзүмдөрдүн бардык бөлүктөрүн тиешелүү чек ара сызыгынан чыгаруу, бардык тосулган жолдорду ачуу, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну макулдашышты.
Бул өзгөрүүлөрдүн себеби эмнеде? Кыргыз армиясынын күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн күчөтүү боюнча президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин иш-чаралары эффективдүү болгондугунда десек жаңылышпайбыз.
Өткөн жаңжалдын мисалынан улам өлкө жетекчилиги туура тыянак чыгарды: кыргыздарды өзүбүздөн башка эч ким коргобойт. Бул болсо, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн нормалдуу армия түзүү керек дегенди билдирет – ошондо биз менен эсептешишет.
Оппозиция мамлекет башчысынын «Байрактарды» алуу чечимин, жалпысынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн дараметин чыңдоого басым жасалып жатканын да сынга алды. Бирок, жакында болгон чек ара окуясы өзүбүздү чыңдоо менен гана коңшулар менен теңата сүйлөшө алаарыбызды көрсөттү.
Баткен облусунун чек ара көйгөйлөрү Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган отуз жыл бою болгонуна карабастан, бир дагы президент кыргыз армиясын жабдуу маселесине тийиштүү көңүл бурган эмес. Мындан беш жыл мурун Тажикстан кагылышууларда минометторду колдонуп, оор аскердик техникасын чек арага айдап, олуттуу тирешүүгө даяр экенин көрсөтүп баштаганда да, өлкө жетекчилиги кырдаалды өзгөртүүгө аракет кылууну ойлогон да эмес. Азыркы бийлик ыкчам чечим кабыл алып, бир жылга жетпеген убакытта Кыргызстанда заманбап, согушка даяр армия түздү.
Булак: vb.kg



