2025-жылы кайсы мекемелердин бюджети көбөйтүлөт?

Жогорку Кеңештин фракциясынын жыйынында депутат Гуля Кожомкулова 2025-жылы кайсы мекемелердин жана министрликтердин бюджети көбөйтүлгөнүнө кызыкты.
Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымынла, 2025-жылы күч түзүмү жана укук коргоо жаатындагы бардык министрликтердин бюджети көбөйтүлөт. Бирок ал так суммасын айтып бере албастыгын билдирди, анткени бул жабык маалымат.
«Саламаттыкты сактоо системасында айлык акыларды көбөйтүү сунушталды. Айыл чарба жаатында жаңы техникаларды сатып алууга каржылоо жогорулайт. Ирригациялык система боюнча курулуш-монтаждоо иштерине каражатты көбүрөө бөлүү да каралууда. Бул 1 миллиард сом деп белгиленип жатат», — деди министр.
Ошондой эле, энергетика тармагына дагы станциялар боюнча капитализациялоо каралып жатканын, бардык ири сатып алуулар 2025-жылдын бюджетине киргизилерин кошумчалады.



