Окуялар
Макулдашууну бузду. Тажик тарап кайрадан ок чыгарууда

Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын аймактарын кайрадан аткылай баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, саат 18:30га карата чек арада абал курч бойдон калууда.
«Тажикстандын аскерлери Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Кулунду аймактарын көздөй ок чыгарууда. Баткен районунда тажик тараптын залптык октун реактивдүү тутумун пайдаланганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын чек арачылары ок атууну токтотуу үчүн бардык аракетин көрүп жатканы кошумчаланды.



