Коом

Темир торго буту кыпчылып калган адамга жардам көрсөтүлдү

Бишкекте темир торго буту кыпчылып калган адамга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамада эркек кишинин буту суу өтүүчү арыкка коюлган темир торго кирип, кыпчылып калган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, ал жаранга жардам көрсөтүп, темир тордон бутун чыгарып беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button