Дүйнө

Гурбангулы Бердымухамедовдун уулун президенттикке сунуштап жатышат

Түркмөнстандын демократиялык партиясы азыркы өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу, вице-премьер Сердар Бердымухамедовдун талапкерлигин президенттикке сунуштап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 12-мартка белгиленген.

«Түркмөнстандын демократиялык партиясынын дүйшөмбү күнү өткөн кезексиз съездинде президенттикке Сердар Бердымухамедовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Жыйында ал өзү дагы сөз сүйлөдү», — деп айтылат кабарда.

Белгилей кетсек, февраль айынын башында парламенттин жогорку палатасы Калк Маслахатынын жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов мамлекетти башкарууда жаш жетекчилерг жол бошотуу керектигин билдирген болчу. Мындан улам мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедов 2003-2008-жылдары Тамак-аш өндүрүшү ассоциациясынын башкы адиси болуп эмгектенген. Андан соң айыл чарба министринин орун басары, парламент депутаты болгон. 2018-жылдын башында тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Учурда вице-премьер кызматын аркалап келет. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, төрт баланын атасы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button