Коом
Лейлекте эки күндө үч уурулуктун бети ачылды

Лейлек районунун аймагында 15-16-февраль күндөрү «Ууру» ыкчам иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Лейлек РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү 8 жаран катышып, топторго бөлүнүп иш алып барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле мурда катталып, бети ачылбай калган кылмыштар боюнча ыкчам иш аракеттер уюштурулуп, жыйынтыгында 3 уурулуктун бети ачылды, — дейт Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



