Коом

Өлкө боюнча 20 миңден ашык видео камера орнотулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, акыркы үч жылдан бери өлкө боюнча коопсуздукту камсыз кылуу максатында видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жалпы өлкө аймагына 20 миңден ашык видео камера орнотулушу керек. Ошондо гана толук масштабдагы “Коопсуз өлкө” системасы ишке ашып, коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалат.

Учурда орнотулган камералардын саны:

-Бишкек шаары – 651

-Баткен облусу – 248

-Ысык-Көл облусу – 283

-Жалал-Абад облусу – 205

-Нарын облусу – 207

-Ош шаары – 57

-Ош блусу – 115

-Талас облусу – 201

-Чүй облусу – 177

Орунбеков белгилегендей, орнотулуп жаткан камералар — акыркы технологиядагы, адамдын жүзүн таанып, 360 градустагы көрүнүштү камтый ала турган, көп функционалдуу жабдуулар.

Бишкек шаарында жетиштүү сандагы камералар орнотулду. Учурда башка аймактарда да бул багыттагы иштер уланууда”, — деп жазды ал.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button