Коом

Тоңдо мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана жери мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты жана жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Бөкөнбаев айылында жайгашкан “Киров” бала бакчасы 2005-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 7 млн 400 миң сомду түзгөн аталган бала бакчанын имараты жана 5631,60 чарчы метр жер участогу менен муниципалдык менчикке кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button