Коом

Ысык-Көлдө эки жаран чөгүп кеткен баржаны чыгарабыз деп жер кыртышын бузган — ВИДЕО

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан аймакта экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынымсыз иш аракеттер көрүлүп келүүдө.

Жакында, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдүн жээгиндеги жер кыртышын бузуу учуру аныкталган. Көрсө, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургундары, 40 жаштагы А.К. жана 32 жаштагы З.К., Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынынын түндүк тарабында көлгө чөгүп кеткен баржаны чыгарууга аракет көрүшүп, экскаватор менен жээктин жер кыртышын бузуп, казып салышкан.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, жер бузуу фактысы орун алганын, же албаганын аныктоо максатында, чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органына жиберилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат,- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button