Коом

Көчкү түшүшү мүмкүн. Кооптуу жолдордун, ашуулардын тизмеси айтылды

ӨКМдин маалымат кызматы жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарды атады.

Кар көчкү түшүшү мүмкүн деген аймактар:

Төө-Ашуу. Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымында;

Ала-Бел ашуусу. Бишкек — Ош жолунун 198-255-чакырымында;

Өтмөк ашуусу. Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымында;

Чапчыма ашуусу. Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунда;

Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымында;

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында;

Талдык ашуусу. Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 160-179-чакырымында;

Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 136-137-чакырымында;

Батман-Көл айылында;

Кара-Тейит айылында;

Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 292-305-чакырымында;

Ийри-Суу тилкеси. Казарман — Актал-Чат жолунун 42-44-чакырымында;

Кара-Көө ашуусу. Казарман — Актал-Чат жолунун 60-94-чакырымында;

Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымында;

Сөөк ашуусу. Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун 52-68-чакырымында.

ӨКМ аба ырайы улам өзгөрүп жаткандыктан жол тайгак болуп, муз тоңорун эскертип, автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button