Садыр Жапаров электр энергиясынын акысын өз убагында төлөөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушууда жарандарды ток үчүн төлөмдү кечиктирбей жабууга чакырды.
Мамлекет башчысы электр энергиясынын 1 кВт/сааты калкка 1 сом 64 тыйындан берилип жатканын, ал эми анын өздүк наркы 2 сом 25 тыйын экенин эскертти. Ортодогу айырма мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылууда.
Электр акысынан сырткары жолугушууда социалдык башка көйгөйлөр да көтөрүлдү. Чалдыбар суу сактагычын куруп жаткан жумушчулар эки айдан бери айлык ала электигин билдиришкенде, президент ишти изилдеп, айлыкты кечиктирген подрядчы компания боюнча чара көрүүнү тапшырды. Ошондой эле Экономика министрлигине кышкысын соодасы азайган жергиликтүү ишкерлердин насыя төлөө мөөнөттөрүн жылдыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдеттендирилди.



