Коом

УКМК: Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдын 17-декабрынан 18-декабрына карган түнү, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР УКМКнын чек ара кызматынын жетекчилигинин жардамы менен КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан КР УКМКнын чек ара кызматынын «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кармалды.

Кармалган чек арачылар көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүү учурунда кармалган.

Такталгандай, көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин бул системалуу мүнөздөгү иш-аракеттери жана туруктуу контрабанда каналы уюштурулуп, жигердүү иштеп жаткандыгы аныкталды. Аталган чек ара кызматынын кызматкерлери акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө жигердүү көмөктөшкөн. Мындан улам, бул кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, чек-ара кызматынын көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда атайын орнотулган видеокөзөмөл камераларын жаздырууга жол бербөө максатында, ошол объектинин бүткүл аймагында электр энергиясын өчүрүүгө барган.

Ошондой эле аталган чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөктөшүү жолу менен, «Баймак» көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз аткезчиликти уюштуруу фактылары аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button