Коом

Пандемиядан улам өлкөдө балдардын арасында кургак учук менен ооругандардын саны азайганы айтылды

Пандемиядан улам өлкөдө жаш балдардын арасында кургак учук менен ооругандардын саны азайган. Кыргыз өлкөсүндө акыркы эки жылда балдардын арасында кургак учук дартына чалдыккандардын саны эки эсеге азайды. Бул тууралуу врач-фтизиатр Алтынай Байтелиева билдирди.

«Акыркы эки жылда пандемиядан улам өлкөдө жаш балдардын арасында кургак учук менен ооругандардын саны азайганы байкалды.Тактап айтсак, жаш балдардын арасында 2019-жылы 14,2% болсо, ал эми 2020-жылы 8,1% түзгөн. Өспүрүмдөр арасында 2019-жылы 56,3 % болсо, ал эми 2020-жылы 36,8 % түздү. Бул көрсөткүч эки эсеге азайды дегенди түшүндүрөт», — деди Байтелиева.

Эске салсак, бүгүн, 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учук дартына каршы күрөшүү күнү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button