Маданият

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда «Бишкек-Арена» стадионунда өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) 1–6-сентябрь күндөрү жаңы «Бишкек-Арена» стадионунда өтөт. Бул тууралуу журналисттерге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чараны президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлгө алат, ал эми жумушчу топту президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жетектейт.

«Көчмөндөр оюндарынын ачылышы ШКУнун саммитине жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө туш келет. Ошондуктан бул иш-чарага өзгөчө чоң көңүл бурулууда», — деп түшүндүрдү министр.

Маданият министрлиги Оюндарды уюштурууга 500 миллион сомдон ашык каражат жумшоону пландап жатат.

«Көчмөндөр оюндары салттуу түрдө Ысык-Көлдө өтөт. Адаттагыдай эле этношаарча курулат, ат майданда ат оюндары уюштурулат. Мындан тышкары, Өрнөк айылындагы Көчмөн цивилизация борборун да, “Рух Ордо” маданий комплексин да пайдаланууну көздөп жатабыз», — деди Мирбек Мамбеталиев.

ДКОго 89 өлкөдөн коноктордун келиши күтүлүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — этностук спорт түрлөрү боюнча өтүүчү эл аралык спорттук мелдеш. Ага Борбор Азиянын тарыхый көчмөн элдерине таандык спорт оюндары кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button