Коом

Эсеп-фактураларды түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби бекитилди

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында 2022-жылдын 18-мартындагы “Эсеп-фактураларды колдонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынганын маалымдайт.

Аталган токтом менен эсеп-фактураларды түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби бекитилди, ошондой эле төмөнкүлөр белгиленди:

1) кошумча нарк салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу салык төлөөчү, ошондой эле катары менен акыркы 12 ай үчүн же катары менен 12 календардык айдан кем эмес мезгилдеги кирешеси          8 000 000 сомдон ашкан салык төлөөчүгө;

— жогоруда көрсөтүлгөн тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары катталууга;

— ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формада жана тартипте эсеп-фактураларды түзүүгө;

2) 2022-жылдын 1-апрелинен тартып акыркы 12 ай ичинде же катары менен 12 календардык айдан аз мезгилдеги кирешеси 8 000 000 сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураларды берет.

Бул токтомдун өзгөчөлүгү товарларды экспорттогон субъекттер Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды алып чыгуунун алдында электрондук эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү.

Буга байланыштуу министрлик экспортчуларга жана жүк ташуучуларга Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактураларды берүүнү сунуштайт.

Бул токтом менен https://www.gov.kg/ru/npa/s/3715  шилтемеси аркылуу таанышууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button