Саясат

Өкмөт казино ачууну шашылыш кабыл алууну сунуштады

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Максаты — инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Долбоорлорго ылайык, өлкө аймагындагы оюн-зоок жайларынын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздери, түшүнүктөр, оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана күтүүнүн тартиби, кумар оюндарын уюштуруу жана аны лицензиялоо, көзөмөлдөө, ошондой оюн-зоок ишинин субъектилеринин жоопкерчилиги аныкталган.

Кумарканаларды ата мекендик жана чет элдик компаниялар ачууга укуктуу. Мындай оюндарды ойноого 21 жаштан жогорку чет өлкөлүк жарандар гана киргизилет.

«Жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик уюмдар гана оюн-зоок иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Уюм өз ишин мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт. Кумар оюндары ишкерликтин лицензияланган түрү болот. Лицензиялык төлөмдүн суммасын министрлер кабинети аныктайт», — деп жазылат маалыматтык негиздемесинде.

Экономика министрлиги бул кечиктирилгис мыйзам долбоору деп эсептейт. Андыктан Жогорку Кеңешке бир эле учурда топтому менен үч окууда дароо кароону сунуштап жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button