Саясат

Президенттин Түркияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркияга болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланып, Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитине катышты.
​Иш сапардын биринчи күнүндө лидерлер Анкара шаарындагы “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барып, Кыргызстан тарабынан коюлган көчмөн маданиятынын салттарын чагылдырган “Мураскер” скульптурасы менен таанышышты. Ал эми 30-октябрда өткөн саммитте Садыр Жапаров соода-экономикалык байланыштарды, инвестициялык долбоорлорду, транспорттук-логистикалык инфраструктураны, санариптештирүүнү жана тоо экосистемаларын коргоо маселелерин өзгөчө баса белгиледи. Жыйынтыгында тараптар бир катар көп тараптуу документтерге кол коюп, мамлекет башчысы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button