Коом

Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38°C түшүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38°C түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-10-январда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

10-11-январларда абанын температурасы төмөндөп:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12° суук,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3…-8° суук,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° суук,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -12…-17° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -15…-20° суук,
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -16…-21° суук болушу күтүлөт.

Ал эми 12-13-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөп:

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук,
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

Мындай анамалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button