Окуялар
Нарында уруксатсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаранга айып пул салынды

Нарын облусундагы Ак-Сай – Арпа жайлоосунун «Сөөк» тилкесинде ок атуучу куралды тиешелүү уруксат кагаздары жок алып жүргөн жаран кармалды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, мыйзам бузуу фактысы 6-октябрда браконьерликке каршы өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө аныкталган. Жыйынтыгында аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.



