Окуялар

Чүйдө өспүрүмгө карата зомбулук фактысы боюнча текшерүү жүрүүдө

Чүй облусунда 2012-жылы туулган балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери жасалганы тууралуу арыз боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

​Маалыматка караганда, 2026-жылдын 16-октябрында баланын ата-энеси райондук милицияга кайрылган. Арызда кошунасы — С. аттуу жаран 2026-жылдын июнь айынан август айына чейин балага күч колдонуу жана коркутуу аркылуу сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганы көрсөтүлгөн.

​Аталган факт каттоого алынып, учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана юридикалык баа берүү багытында текшерүү иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button