Дүйнө
Ливанда ун жетишпегендиктен наабайканалар жабыла баштады

Экономикалык жактан оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Ливанда ун тартыштыгы башталды.
Россия-Украина кризисинен улам буудайга чектөө коюлган өлкөдө наабайканалар жабыла баштады. Маалымат сайттарында “Көптөгөн наабайканаларундун жоктугунан жана жарандардын нанга болгон муктаждыктарын канааттандыра албагандыктан бүгүн ишин токтотту. Эртең көптөр ошондой кадамга барат”,- деп жазды.
Ливандын Экономика министри Украина-Россия жаңжалынын таасири тийип жатканын билдирген. Буудайды башка жактардан алууга аракет кылганын, бирок Борбордук банктан каражаттын келишин күтүү керектигин айтты.
Ливан буудайдын көбүн Кара деңиз аркылуу жогоруда айтылган мамлекеттерден импортточу. Украина менен Россиянын ортосундагы жаңжалдан улам бул кризис тереңдеди.



