Коом
Бишкекте 76 жаштагы кишинин жансыз денеси батирден табылды

Бишкекте эшиги бекилип калган батирден 76 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалыматка караганда, куткаруучулар үйдүн бекилип калган эшигин ачышканда, 1946-жылы туулган С.П. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. Жерине 5 куткаруучу тартылган.



