Дүйнө

Украинада 12 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап кетти – БУУ

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинадагы жаңжал калктын масштабдуу көчүшүнө алып келгенин билдирди, деп кабарлайт уюмдун расмий сайты.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Келли Клементс Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушууда, ушул убакка чейин 12 миллионго жакын украиналык үйлөрүн таштап кеткенин айтты.

Болжол менен 7 миллион адам Украинарын аймагында жер которгон, дагы 5 миллиону коңшу өлкөлөрдө качкынга айланган.

Кошумчалай кетсек, Украина боюнча 13 миллиондон ашык адам чукул гуманитардык жардамга муктаж.

– Биз бул цифралардын артында ким турганын унутпашыбыз керек, – деди Клементс жана кеп үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон аялдар, балдар жана карылар жөнүндө болуп жатканын баса белгиледи.

Келли Клементс БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди жакында Украинага барганын эске салып, азыркы кырдаалды “жакынкы тарыхтагы эң тез өнүгүп жаткан миграциялык кризис” деп атады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button