Коом

Балыкчыда Коргоо министрлигинин кызмат адамдары аскерлердин маянасын кымырып алышкан

Аскерлердин маянасына арналган каражатты кымырып алышкан факты аныкталды, — деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан КР Куралдуу Күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында иш-чаралар жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө кызмат адамдары финансалык документтерди жасалмалоо жолу менен аскер кызматчылардын маянасына арналган 900 миң сомдон ашык акча каражатын өз пайдаларына сиңирип алышкандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button