Коом

Бишкек шаарынын 144 жылдыгына карата борбор калаада майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкек шаарынын күнүндө калаа тургундары концерттик программа жана спорттук иш-чараларга күбө боло алышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 144 жылдыгынын урматына мэрияга караштуу маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти 29-апрель күнү саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында кыргыз эстарда жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа уюштурат. Майрамдык иш-чаралар кечки саат 22:00гө чейин уланмакчы.

Бишкек шаарында өтүүчү майрамдык иш-чаралардын программасы:

29-30-апрелде саат 13:00дө 7-кичи районундагы Безымянная 38/1 дарегинде «Мушкетёрлор» клубунда фехтование боюнча өспүрүмдөр жана кадеттер арасында Бишкек шаарынын Кубогу өтөт;

28-29-апрель күндөрү саат 09:00дөн 12:00гө чейин Свердлов райондук муниципалдык аймактык башкаруу кызматкерлери арасында спорттун 5 түрү боюнча жазгы спартакиада болот;

29-апрелде саат 09:30да Келечек жаңы конушундагы №87 орто мектепте пионербол, мини-футбол, аркан тартыш, эстафета, дартс боюнча мелдеш өтөт;

29-апрель күнү саат 09:30да Широкая 2а дарегинде жайгашкан №16 орто мектепте пионербол, мини-футбол, аркан тартыш, эстафета, дартс боюнча мелдештер орун алат;

29-апрелде саат 09:00дөн 14:00гө чейин «Мото» соода борборунда окуучулар арасында стол тенниси боюнча мелдеш өтөт. Ушул эле убакта Ден соолук сейил багында стритбол боюнча Bishkek Open иш-чарасы өткөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button