Коом

Кыргызстандыктар тогуз күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар 1-9-май күндөрү эс аларын эсиңиздерге салабыз. Мындай чечимди министрлер кабинети кабыл алган.

Белгилей кетсек, бул аптанын ишембиси, 30-апрель, 4-майдын ордуна иш күн деп жарыяланды.

Андан кийин 1-майдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык ишкана, мекеме, компаниялардын кызматкерлери 1-майдан 9-майга чейин эс алышат. Бул күндөргө Эмгек күнү, Орозо айт, Конституция күнү жана Жеңиш майрамы туш келет.

Мектептер менен бала бакчалар да 10-майдан тарта иштей баштайт.

Беш күндүк окуу жумасы менен иштеген билим берүү жайларынын 4-майга пландалган окуусу 30-апрелге, 6-майдыкы 14-майга жылдырылат. Бул ишемби күндөргө туура келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button