Коом
Ошто изделип жаткан 17 жаштагы Зарина Бишкектен табылды

Ош облусунда дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 17 жаштагы Зарина Авазбек кызы Бишкектен табылды.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүм кыз ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Эскерте кетсек, Кара-Суу районунун Мады айылынын 17 жаштагы тургуну Авазбек кызы Зарина 29-апрелде болжол менен саат 13:30дө Алай районунун Гүлчө айылынан чыккан бойдон кайтып келген эмес.



