Никеге чейин жыныстык катнашка барган аялдарды өлүм жазасына тарткан. Сириянын жаңы Юстиция министри айыпталууда

Сириянын жаңы Юстиция министри Шади аль-Ваиси аялдарды коррупция жана ойноштук үчүн өлүм жазасына тарткан. Бул тууралуу Германиянын Bild басылмасы жазып чыкты.
«Социалдык тармактарда эки аялдын өлүм жазасына тартылган видео тарап жатат. Бул видеолор 2015-жылы тартылган деген версиялар бар. Видеодо Сириянын азыркы юстиция министри Шади аль-Ваиси аялдарды “коррупция жана сойкулук” беренеси менен соттогон. Видеолордо ал эки аялды «ойноштук» үчүн айыптаган.
Мындай өкүм чыккандан кийин эркектер аялдарды башына ок менен атып өлтүрүшкөн деп айтылат маалыматта. Көрүүчүлөр алардын өлүмүн «Аллаху Акбар!» деген кыйкырык менен тосуп алышты», — деп жазат «Bild in Russian» телеграм каналы.
Видеотасмаларды талдап чыккан Сириянын эксперттери бул кадрлардагы киши Шади- аль-Ваиси деген тыянакка келишкен. Ал Башар Асад президент болуп турганда сот болуп иштеген.
Окуя «ошол кездеги мыйзамдарга ылайык» болгон жана видеодо «учурдагы мыйзамдык өзгөрүүлөрдөн улам артта калган» фаза чагылдырылган», — деди атын атабоону суранган жаңы өкмөттүн расмий өкүлү деп айтылат маалыматта.
Асаддын тушунда Сирия светтик мамлекет болгон, учурда бийликте “Хаят Тахрир аш-Шам” исламчыл уюму турат. Жаңы администрация азыртан эле билим берүү программасын кайра жазып жатат, муну сынчылар исламчыл күн тартибин таңуулоо деп эсептешет, — деп жазылат маалыматта.



