Коом

Борбор калаада Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Бишкекте Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп бүтүп, транспорт кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Аталган тилкеге асфальттын эки катмары төшөлүп, бордюрлар алмаштырылды. Мындан тышкары, жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери сызылды.

Кийинки этапта Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопинден Аска-Таш конушуна чейинки бөлүгү оңдолот. Ошондой эле Дэн Сяопин көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке убактылуу жабылып, транспорт кыймылына батыш тараптан чектөө киргизилет. Чыгыш тарабында эки тилке уюштурулат. Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы оңдолгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button