Коом

Жалал-Абадда унаа өтүүчү көпүрө кулады

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Шекафтар айылында Ала-Бука-Шекафтар-Пап унаа жолунун 23-чакырымында унаа өтүүчү көпүрө кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана айыл аймактан жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн айланма жол бар.

Кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button