Коом

Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар :

— Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
— Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
— Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
— Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
— Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алуу, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

«Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз «112» кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button