Максатына жетпей, «мат» болгон Мадумаров

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 2-июндагы жыйынында дагы бир жолу А. Мадумаровдун акыйкатты, чындыкты айтпай, бийликти гана бир жактуу сындап, жамандоону милдет кылып алганына ынандык.
Беткендеги аткезчилик тууралуу сѳз кылган А. Мадумаров УКМКнын ишин бир жактуу сындап, аткезчиликти УКМКдагылар «крышевать» этип атканын айтып, куру сѳздѳр менен айыптады. УКМК тѳрагасы К. Ташиевдин бул багыттагы иштери, УКМКнын жооптуу адамдары 2 айдан бери аткезчиликке бѳгѳт коюу үчүн Баткенде жүрүшкѳнү, аткезчилик фактылары менен кармалгандарга кылмыш иштери козголуп жатканы боюнча маалыматтарды уккусу да келген жок. Адатынча ѳзүнүн репертуарында чечендигине салып, сѳѳмѳйүн кезеп, оппозициялык вазийпасын ашкере аткарды.
Албетте, эмоциялуу Ташиев Мадумаровдун курулай айыптоолоруна унчукпай тура алган жок. Ташиев атайын кызматтын Мадумаровдун бир туугандары, жакындары менен бийликти басып алууга камылга кѳрүп, иш-аракеттерди жасап атканы боюнча оперативдүү маалыматтар бардыгын айтканда, бул Мадумаровду огобетер чычалатты. Ташиевдин бул айтканында чындык бардыгын моюндагандай, Мадумаров эч кандай каршы сѳз айта алган жок. Мадумаровдун тарапташтарына, бийликке кыртышы сүйбѳгѳндѳргѳ Мадумаровдун айткандары майдай жагып, анын оозунан чыккан сѳздѳрдүн баарын чындыктай кабыл алышы да ыктымал. Бирок, калыстык үчүн айталы, Мадумаров акыркы учурларда акыйкаттыктан тайып кетти. Ѳзүнүн айткандарын гана чындык деп эсептеп, башкалардын айткандарын уккусу да, билгиси да келбей калды. Ал эми расмий бийлик ѳкүлдѳрү айткандардын баарын Мадумаров карандай калп катары кабыл алып калды. Кайым айтышуунун жүрүшүндѳ «Сиз мамлекет үчүн бир дагы жакшы сѳз айта албайсыз», деп К. Ташиев эң туура белгилеп кетти. Бул айтканга кошулбай коюуга болбойт. Чындап эле А. Мадумаровдун оозунан ѳлкѳдѳ болуп жаткан жакшы иштер, саамалыктар, ийгиликтер тууралуу бир жакшы сѳз уга элекпиз. Болбосо, Ташиевдин жеке эрки, батылдыгы менен канчалаган коррупциялык иштер ачыкталып, ондогондор «кустурулуп», миллиарддаган сомдор ѳлкѳ бюджетине кайтарылып жатканы боюнча бир акыйкат пикирин айтат эле го.
Ооба, Ташиев эмоция менен Мадумаровдун дарегине катуу, ачуу сѳздѳрдү айтты. Ал үчүн Ташиевди айыптоого да болбойт. Табиятынан бүткѳн мүнѳзү ошондой экен. Мадумаровдун сѳз кѳтѳрѳ албагандыгы, заматта кызаңдап, чычаңдап кетмейине кѳнүп калгандай, Ташиевдин ачуусу чукулдугуна, жаалына, каарына деле кѳнүп калбадыкпы.
Бир сѳз менен айтканда, адатынча ѳзүнүн буудай кууруган тили менен К. Ташиевди «мат» кылып, максатына жетем деди эле, андай болбой калды. Тескерисинче, УКМК тѳрагасынан күтпѳгѳндѳй жооп алып, ѳзү «мат» болуп, «майтарыла» түшкѳндѳй эле болду.



