Президент Садыр Жапаров Имамидин Ташовдун иши боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда «KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча комментарий берди.
Жолугушууда Ташовдун апасы уулуна жалаа жабылганын жана ал мыйзамсыз түрдө абакта отурганын айтты.
Мамлекет башчысы Ташовго эч ким жалаа жаппаганын айтып, анын күнөөсүн тастыктаган далилдер бар экенин белгиледи. Президенттин айтымында, Ташов бийликти күч менен басып алууга даярданып, элден курулуш үчүн чогултулган акчаны башка максаттарга жумшаган.
«Ал ыңкылап уюштурууну көздөп, 450 млн долларлык батирлерди кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө, анда Камчы Көлбаев тирүү эле, ошонун адамдарына балдарынды чыгарып бер деп таратып берген. Акча да тараткан. Ал көп кабаттуу үй куруу үчүн элден акча чогулткан, бирок үйдү курбай, чогулткан акчасын шайлоого жумшаган. Пайдаланууга берилбеген үйлөр да болгон. Күнөөлүү эмес деп жатышат, бирок анын күнөөсүн тастыктаган жүз пайыз далилдер бар. Мен силерге бул жерде ушак айтып жаткан жокмун да. Ал чек араны бузуп, Алматыга чыгып кетип, мына эртең революция кылам деп жатканда түнкү саат 12де кармалган », — деди Жапаров.
Президент ошондой эле Ташовду мунапыс берүү жолу менен гана бошотууга болорун билдирди.
Эске салсак, 2025-жылдын июль айында Биринчи май райондук соту Имамидин Ташовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыраткан.
Апелляциялык даттануу каралгандан кийин Бишкек шаардык соту анын жаза мөөнөтүн 8 жылга кыскарткан.



