Беловодское айылына Кара-Кечеден көмүр биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирилди

Кара-Кече көмүр кенинен Беловодское айылына көмүр биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирилди. «Кыргызкөмүр» ААКтын маалыматына караганда, темир жол станциясына көмүр жүктөлгөн сегиз вагон келди.
Компания жаңы жеткирүү ыкмасы калкты көмүр менен камсыздоону уюштурууда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 200 сомду түзөт. Ал Беловодское айылынын Вокзальная көчөсү, 6-дарегинде сатылууда.
Буга чейин, 11-октябрда, Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирилгени маалымдалган. Аны ташуу үчүн жалпы жүк көтөрүмдүүлүгү болжол менен 1 000 тоннаны түзгөн 15 вагондон турган поезд түзүлгөн.
«Кыргызкөмүр» ААКтын маалыматы боюнча, 2026-жылдын башынан бери ишкана бир миллион тоннадан ашык көмүр казып алды. Ал эми 2026–2027-жылдарга көмүр казып алуу планы 1,6 миллион тонна деп белгиленген.



