Саясат

Кыргызстанда жеке маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документке 9-октябрда кол коюлган.

Кодекс жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузуу боюнча берене менен толукталды. Ал жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана коргоо тартибин бузгандыгы, ошондой эле жеке маалыматты уруксатсыз тараткандыгы үчүн айып пулду карайт.

Жеке жактар үчүн айып пул 2,5 миң сом, кызмат адамдары үчүн 10 миң сом, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомду түзөт. Жаза колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталап эреже бузуу үчүн тиешелүүлүгүнө жараша 7,5 миң сом, 30 миң сом 120 миң сом каралган.

Балдардын жеке маалыматтарына жана жеке маалыматтардын атайын категорияларына карата эреже бузуулар үчүн жеке жактар үчүн 7,5 миң сом, кызмат адамдары үчүн 20 миң сом жана юридикалык жактар үчүн 80 миң сом өлчөмүндө айып пулдар каралган. Бир жылдын ичинде ушул эреже кайта бузулса тиешелүүлүгүнө жараша 15 миң сом, 40 миң сом жана 140 миң сом айып пул салынат.

Мыйзам талаптарын бузуу менен жеке маалыматтарды башка өлкөгө өткөргөндүгү үчүн айып пул жеке жактар үчүн 7,5 миң сом, кызмат адамдары үчүн 17,5 миң сом жана юридикалык жактар үчүн 65 миң сомду түзөт. Бир жылдын ичинде кайталап эреже бузуу үчүн тиешелүүлүгүнө жараша 15 миң сом, 35 миң сом жана 120 миң сом каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button