Коом
Камчыбек Ташиев: «Ирина Карамушкина менен Темирлан Султанбеков бизге душман эмес»

«Ирина Карамушкина менен Темирлан Султанбеков бизге душман эмес». Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.
«Алар мыйзамды бузушту, кандай гана артыкчылыктары болбосун, мыйзам менен жооп берет. Султанбеков боюнча «ага эрегишпегиле, ал бала» деп жатышат. Анда өзүн баладай алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келет. «Эгер башкара албасаңар, мен башкарайын» деп жатат. Өлкөнү башкаргыдай болуп чоңойсун», — деди Ташиев.



