Коом

Президенттик балаты майрамына аймактардан 490 бала келди

Бишкек шаарында президенттик балатынын биринчи күнү башталды. Бул тууралуу агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 490 бала келди.

Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышты. Ал балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Балдар «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна жана Б.Кыдыкеев атындагы театрына барышып, оюн-зоок программа менен «Маугли» театралдык спектаклин көрүштү.

Негизги программа 19-декабрда Т. Сатылганов атындагы филармонияда мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен уланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button