Окуялар

Ысык-Көлдөгү «Фемили Резорт» эс алуу жайында мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көлдө «Фемили Резорт» эс алуу жайында жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүдө курулуш мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объекттин алты блогунда бекитилген долбоорго өзгөртүү киргизилбестен жана тиешелүү уруксат документтери алынбастан кошумча мансард кабаттар курулган.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн «Бекем Строй» ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом айып салынды жана мыйзам бузууларды жоюу тууралуу көрсөтмө берилди.

Ошондой эле объект мыйзам талаптарына толук ылайык келтирилгенге чейин бардык курулуш-монтаждоо иштерин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button