Коом

Бишкекте лотостор гүлдөп шаарга көрк берүүдө

Бишкек шаарындагы Элебесов жана Аул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көлмөдө лотостор гүлдөп, аймакка өзгөчө көрк берип жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көлмөнүн айланасын көрктөндүрүү иштери уланууда. Анын жүрүшүн шаар мэри Айбек Жунушалиев жеринде текшерди.

Буга чейин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аймакты санитардык жактан тазалашкан.Учурда подрядчы «Кызыл-Тоо» ЖЧКсы көлдүн түштүк тарабын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында 51 түп арча көчөтү отургузулуп, отургучтар орнотулууда. Ошондой эле брусчатка төшөө жана бордюрларды орнотуу иштери аяктады.

Мындан сырткары, көл жээгиндеги жөө адамдар өтүүчү жолду асфальттоого даярдык көрүлүп, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button