Коом

Депутат Кыргызстандан 700дөн ашык адамдын сөөгү чет өлкөгө экспериментке чыгарылгандыгын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков жыйында Кыргызстандан 700дөн ашык адамдын сөөгү чет өлкөгө чыгарылганы тууралуу айтты.

«2000-жылы мен депутат болуп турганда иликтөө кылып, кылмыш иши ачылган. Жыйынтыгында Медициналык академиянын ректору, Григорий Бубель аттуу генерал, Жазаларды аткаруу кызматынын 20 чакты кызматкери иштен алынган.

Кызарт айылынын тургуну, Качкыналиев Максат документ боюнча өлгөн катары катталып, өзү 1 айдай кыйноого кабылып, айыбы ачылганда көчөгө таштап коюшкан. 1 айдан кийин ата-энеси көмүшкөн. Жаналиев Кеңешбек Свердлов районунда дайынсыз жоголгон адам катары катталган. Аны чет өлкөгө сатып жиберишкен.

Жалпы чет өлкөгө 700дөн ашык адамдын сөөгү чыгарылган. Анын арасынан 500 чактысы соттолгондордуку. 100 тоннадан ашык органдар убактылуу чыгарылган. Алар кайтканбы? Соттолгондордун сөөгү ата-энесине кайра берилгенби?«- деп кызыкты депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button