Коом

Бишкек шаарына ысык суу эртең, 16-июнда берилет

«Бишкек жылуулук» мекемеси бүгүн, 15-июндан тарта шаардын жашоочуларын жылуу суу менен камсыздоо иштерин баштайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ысык суу эртең, 16-июндан тарта берилет.

Оңдоп-түзөө, кийинки жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн 16-майдан тарта Бишкекте ысык суу токтотулган болчу. Ысык суу берилгенден кийин авариялык абал жаралса төмөнкү телефон номурларга кайрылыңыз:

– Пайдалануучуларды колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980;

– Диспетчер кызматы: 56-85-58;

– Борбордук райондогу нөөмөттөгү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67;

– Түштүк райондогу нөөмөттөгү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button