Дүйнө

Батыш Африканы чекиртке каптады

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүк-батышындагы айыл-чарба аймактарын чөл чегирткелери каптады.

Нигериянын федералдык ветеринария бөлүмүнүн башчысы доктор Маимуна Хабибу билдирүү жасап, чөл чегирткелеринин Замфара, Кебби жана Сокото штаттарындагы айыл чарба жерлерин каптаганын айтты.

Бул провинциялардагы абалдын начарлап баратканын белгилеген Хабибу, өкмөттүн айыл чарба жерлерине дары чачуу иштерин баштаганын билдирди.

Күн сайын 150 чакырым жол жүрө алган чегирткелер бир күндө 35 миң адамдын азык-түлүк муктаждыгын камсыздай турган айыл чарба продукциясына зыян келтириши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button