Коом
Университетте грант орундун уурдалышы. Министрлик үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын биринде 50 гранттык орунга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат берди.
Буга чейин УКМК аталган кылмыш ишине министрликтин адистери менен окуу жайдын кабыл алуу комиссиясын айыптаган.
«2022-жылдын май айынын башында жогорудагы иш боюнча УКМКдан маалымат келип түшкөн. Анын негизинде жетекчилик ыкчам текшерүү комиссиясын түзүү демилгесин көтөргөн. Жыйынтыгында маалымат андан ары иликтөө үчүн УКМКга өткөрүп берилген», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик бул мыйзам бузуулар 2021-2022-окуу жылына жогорку окуу жайына каттоо жана кабыл алууда болгонун белгиледи. 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу баштала электигин эске салды.



